Интернет желелеринде “Алмаз Атамбаев камалды” аттуу фото кеңири тароодо. Мындай сүрөттөрдү адатта коркунучтуу кылмышкерлерди кармап, каттоого алганда милиция шектүүнү мажбурлап, ыкчам эсепке алүү үчүн жасайт.
Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-августта караганын аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка кошо катышуу” (43-берене, 2-бөлүк) жана “Коррупция” (319-берене, 2-бөлүк) беренелери боюнча шектелүүдө.
Сот Атамбаевдин бөгөт чарасы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу фактысына байланыштуу тандалганын кошумчалады.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ