Күз жана кыш мезгилине жакын электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелери тийиштүү деңгээлде сакталбагандыктан улам өлкө аймактарында өрт кырсыктары көп катталууда, – деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Алсак, 2017-жылдын 22-ноябры күнү саат 00:10 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан 15 чарчы метр времянка толугу менен күйүп кетти. Өрттүн себеби өрт коопсуздугунун жоктугу. Ошол эле айылда 21-ноябрь күнү дагы бир өрт чыгып Токтогул көчөсүнүн 17-дарегинде жайгашкан үйдөн балдардын от менен шоктугунан короодогу 1000 түк чөп, 400 түк саман күйгөн.
Кечээ, 21-ноябрда Ноокен районунун Алма айылындагы Барпы көчөсүнүн 10-дарегинде 48 чары метр сарайдын чатыры, 150 түк чөп, 60 түк саман күйгөн жана ошондой эле кырсык
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ