Menu

Түрмөлөрдө кандай өндүрүштөр бар, ыя?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (МЖАК) 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарды. Аталган кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-октябрда 3 кварталдын жыйынтыгын чыгарып, ыкчам-кызматтык жана өндүрүш-чарба ишмердүүлүгү боюнча кеңири коллегия өткөрдү. Коллегияны аталган кызматтын башчысы Мелис Турганбаев алып барды.

Башкы финансылык-чарбалык башкармалыгынын башчысы Р.Жапаров 2019-жылдын 1-октябрына карата түрмөдөгүлөр 19 аталыш боюнча, ооруканаларда 26 аталыш боюнча респбуликалык бүджеттен алынган каражаттартын эсебинен 100% азык-түлүк менен камыз болгондугун маалымдады.

2019-жылдын 9 айында 1 кишинин тамак-ашы төмөнкүнү түзгөн:

– түрмөлөрдө – 70,48 сом;

Балдар мекемелеринде – 87,80 сом;

Ооруаналарда – 116,18 сом.

Кышка даярдык катары 3976 тонна көмүр сатып алууга конкурс жарыяланган. Азыркы тапта Жаза аткаруу мекемелеринде 924,37 тонна таш көмзү бар.

10 жатак абакта жана 9 колнияда “өнөр жай” жана “айыл-чарба” өндүрүшү иштейт.

Өнөр-жай өндүрүшү боюнча төмөнкү тармактар:

Курулуш материалдарын чыгаруу – №1,16,43,38,47,51,52 түрмөлөр;

Кол өнөрчүлүк өнөр жайы – №1,3,8,10,16,27,31,47;

Нан бышыруу – “Келечек” мамишканасынын филиалдарыболгон №2,3,8,47;

Макарон чыгаруу – “Келечек” мамишканасы;

Жеңил өнөр-жайы – №2 түрмөдөгү “Келечек” мамишканасы;

Май чыгаруу – “Келечек” мамишканасы;

Ун өндүрүү – “Келечек” мамишканасынын тегирмени. Сокулук районунун Маловодное айыдында ачылып, 1-2-сорттогу ун өндүрүлүп, күнүнө 30-45 тонна чыгарылат.

№52 түрмөсүндө балык бакканга атайын жер тилкеси бөлүнүп берилген. Жасалма көлмө даярдалып, 3000 даана бала балыктар кое берилген. 53 өндүрүш тилкесинен 12си быйыл ачылган, алтоосу жатак абактарда да өздөрүнүн күчү менен ачышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: