Ленинград облусундагы Мурино айылында спорт аянтчасында белгисиз адамдар Кыргызстандык жаранды атып кетишкен. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиргендей, окуя 21-октябрда болгон.
Жабыр тарткан жаранга дароо тез жардам чакырылып, ал керектүү медициналык жардам алгандан кийин качып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Маселе Элчиликтин көзөмөлүндө. Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Атайын консулдугу бул иш боюнча тийиштүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ