Бишкектин Октябрь раойндук сотунда Икрамжан Илмияновдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Азыр сот иш каралып бүткөнүн жар салып, тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Мамлекеттик айыптоочу И.Илмияновдун күнөөсү толук далиденгенин айтып, 7 жыл 6 ай жана 180 өлчөмдөгү айып пул төлөтүүнү суранды. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна албай жатат. Жакынкы сааттарда сот өкүмүнүн чыгышы күтүлүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ