Menu

Кыргызстандын келечегин саткандарга чара көрүлсүн!

Бөлүшүү:

Кытай жарандарына Кыргызстанда жашоого уруксат берген мыйзамсыз документтер боюнча кылмыш ишти УКМК териштирип жатат. Башкы прокурор Индира Жолдубаева маалымдагандай, мындай мыйзамсыз документтер былтыр 2016-жылы 996 кытай жаранына берилген. Уруксат берүү атайын комиссиянын чечиминен көз каранды. Ал комиссиянын курамында ТИМ жана Ички иштер министрлиги, башка укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү бар. Буга дейре Кыргызстанды кытай жарандары каптап кеткени, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны 300-500 миңге чейин жетээри айтылып келген. Кыргыз кыздарын алган кытайлардын саны дагы арбып, алардан төрөлгөн балдардын алды 7-8-класс окуп калышканы да айтылып жүрөт. Бул келечекте кыргыз элинин, Кыргызстандын коопсуздугуна кедергисин тийгизчү чоң көйгөй экенин танып болбойт. Ойлончу мезгил келди. Эртең кеч болуп калат. Андыктан акчага Кыргызстандын келечегин саткандарга сөзсүз чара көрүлүп, жазага тартылышы керек..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: