Menu

Өкмөттүн аппаратынын орун басары 50 миң доллар пара алганы ачыкталдыбы?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн ашмалтайы чыгып бүтсө дагы алмашпай, айрым бир министрлерди садага чабуу менен гана кутулуп, суудан кургак чыгып жатканы көпчүлүктү таң калтырууда. Депутаттар чара көрбөй, эмнеге алсыздык кылып жатканы белгисиз. Негизи, «бажагейт» менен эле мунун «бачагын» чыгарып, жаназасын окуса туура болмок. Иштин көзүн билген киши келип, өлкөнү өргө сүйрөсө баарыбыз утмакпыз. Тилекке каршы, талтаңдаткан сайын бул нойон моюнга минип, азыр эч кимден ийменип койбостон, коррупциянын казанын каалагандай кайнатып баштады. Анын фактысы ушул жумада өкмөттүн ичинен жарылып, ири суммадагы жемкорлуктун «жилиги» булайып чыкты. Тактап айтсак, өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов коррупциялык шек менен кызматынан четтетилди. Бул далил – бүгүнкү өкмөттүн чыныгы өңү-түсүн чагылдырды десек жаңылышпайбыз. Анткени, аталган жемкорлукту премьер-министр М.Абылгазиевдин эң жакын кишилери жасаган. Айтсак, Кытайдан мыйзамсыз жол менен келген 80 тонна өрдөк этин камактан чыгарып, жеке ишкер Эмир Эмилкановду жазадан куткаруу үчүн өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов менен Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алганы билинди. Бул түздөн-түз М.Абылгазиевдин тапшырмасы менен жүргөн болушу ыктымал. Анткени, Калмуратов 2008-жылдан тарта 2017-жылга чейин Социалдык фонддо Абылгазиев менен ар кандай кызматтарда киндиктеш иштеп, айтканын айткандай аткарып келген. Абылгазиев биринчи вице-премьер болуп турганда дагы Калмуратов анын кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал эми Жамгырчиев дагы Абылгазиев менен коюн-колтук алышкан адам экени кеңири жазылууда. Айтор, жемкорлуктун кекиртеги бир жерде экени аяк салууда. Мындан улам иштин калыс тергелишине күмөн жаралып, «Бармак басты, көз кысты» менен бүтөбү деген чочулоолор пайда болууда. Эгер Абылгазиевдин бетинде бир аз кызылы калган болсо, отставкага өз ыктыяры менен кетиши керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: