Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 27-апрелдеги брифингде “дарыгерлердин айтымында, өлкөдө коронавирус менен ооругандарга караганда сакайгандардын саны бир топ өсө баштады”,- деди.
“Урматтуу шаар тургундары! Бүгүнкү күндү жакшы кабар менен баштагым келип турат. Анткени дарыгерлердин айтымында Кыргызстан боюнча коронавирус менен ооругандарга караганда сакайгандардын саны бир топ өсө баштады. Мындан улам баарыбыздын анын ичинде дарыгерлердин, милиция жана социалдык кызматкерлердин бул коркунучтуу дартка каршы бекем туруп, жасаган иш аракеттери текке кеткен жок деп эсептейм. Ошондуктан күн өткөн сайын ынтымактуу болуп, жаңы күч жана дем менен баарыбыз биргеликте санитардык нормаларды сактап, жашаган жерлерибизди күнүгө желдетип, тазалап турсак жеңиш биз тарапта болот”,- деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ