Menu

Ылдый кан басымды көтөрүүнүн жолдору

Бөлүшүү:

Кан басымы ылдый адамдар айланасындагыларга жалко көрөнүшү мүмкүн. Дайыма чарчаңкы, тез-тез эсинеп, башы тегеренип,  жумушка колу барбай, уйкуга жакын келишет. Бирок, бул жалкоолук эмес, бул – кан басымдын ылдый болушунун белгилери.

Медицина кан басымдын ылдый болушун оору деп эсептебейт. Бирок, адамга ыңгайсыздык жараткандыктан, аны дарылоонун медициналык жана элдик да ыкмалары бар. Медицинада кан басымдын ылдый болушу гипотония, ал эми кан басымы ылдый адамдар гипотоник деп аталат.

Жашоо образды өзгөртүү

Ылдый кан басымдын ээлери суткасына 9 сааттан кем эмес убакыт укташы керек. Ошондо гана өздөрүн жакшы сезишет. Эртең менен ойгонгондо төшөктөн дароо туруу жарабайт, алгач колу-буттарды кезеги менен кыймылдатып, андан кийин гана акырын өйдө көтөрүлүү туура. Адамдын жаш курагына жараша кыймыл-аракетти көп жасоо зарыл. Күнүнө 40 мүнөт жөө басуу да акыбалды жакшыртат.

ххх

Гипотониктер кезекте турганды, адамдар көп жерде болгонду көтөрө алышпайт. Кислороддун жетишпегендигинен тез-тезден эсинеп башташат. Ошондуктан, мындай адамдар мүмкүн болушунча эл көп жерге барбагандары дурус.

ххх

Гипотониктердин өзүн жакшы сезүүсүнө массаж, гидромассаж жардамга келет. Бирок, температуранын кескин алмашышынан алыс болуулары кажет.

ххх

Көпчүлүгүн гипотонияны үй шартында дарылоого болобу деген суроо кызыктырат. Албетте, болот. Кан басымы ылдыйлар күнүнө эки литрден кем эмес суу ичүүгө тийиш. Тамактануунун ортосу алыс болбосун, суткасына 5 жолудан кем эмес жолу тамактанып, ачка жүрбөөгө аракеттенүү зарыл.

Гипотониядагы эң пайдалуу азыктар – кофе, сыр жана жаңгак.  Майдаланган кофени даярдагандан кийин дароо ичип, күнүнө 3 стакандан ашырбоо керек. Рационго туздалган бадыраң, туздалган жер жаңгак, кургатылган балык, чили, ачуу паприка, анжир, коюу демделген чай, же какаону да кошуу туура. Ошондой эле С витаминин камтыган – капустанын бардык түрү, салат, карагат, В3 витамини бар – боор, жумуртканын сарысы, сүт азыктары да жардам берет. Гипотониктерге  майлуу жана ундан жасалган тамактарды каалашынча жей берүүгө мүмкүн: каймак, каймак май, сыр, булочка, кургатылган азыктарды. Бирок, баары ченеми менен болгондо гана пайда берээрин эске алуу керек.

Кадимки чай чөп дагы кан басымды нормалдаштырууга көмөк көрсөтөт. Бирок, узак убакыт ичүүгө болбойт. Көбүрөөк колдонуудан организмге топтолуп, кайсы бир убакта кан басымды кескин көтөрүп жиберүүсү мүмкүн. Коопсуз өлчөм – кургатылган чай чөптөн ашкана кашыгынан бирди жарым литр кайнак сууга салып, демдейсиз. Күн сайын жаңы демделген чайды отуз күндөн ашпаган убакыт ичүү зарыл.

Ит мурунду чай сымал демдеп ичүү иммунитетти гана жогорулатпастан, кан басымды дагы ордуна келтирет.

Булак: Миң Түркүн журналы 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: