Menu

Чет өлкөдө өлгөн эмгек мигрантынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн 16 документ талап кылынат

Бөлүшүү:

КСДП парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында эмгек рыногу, калкты иш менен камсыз кылуу, ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу маселеси талкууланып жатканда, депутат Ирина Карамушкина министрлик иштебей туруп калган айрым ишканаларды кытайларга берүүнү чечкендиктен, алар өз жумушчуларын алып келе турганын белгиледи.

«Албетте, андай ишканаларды көтөрүү керек. Бирок, кытай жумушчулары биздин жарандарга караганда чоӊ маянага иштейт. Ошондуктан, андай ишканаларга жергиликтүү жумушчу күчүн тартуу жагын ойлонуштуруу керек», – дейт депутат.

Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиевдин айтымында, иштебек туруп калган ишканаларды кимге берүү маселеси тендердик комиссия тарабынан чечилет. Кыскасы, тендерде ким утса ошого берилет. Ал жылына бир жолу «легалсыз» өнөктүгү жүрүп, өлкө аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуулугу текшерүүгө алына турганын кошумчалады.

Андан тышкары, чет өлкөдө өлгөн эмгек мигранттарынын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү (Жүк – 200) жаатында да көйгөйлөр бар экени белгилүү болду. Миграция кызматынын маалыматына караганда, азыркы мыйзамга ылайык, сөөктүү жеткирүүгө 20-30 миӊ сом берилет. Ал үчүн 16 документ талап кылынат. Ошондон улам, каражат алуу жагынан көп кыйынчылыктар жаралууда. «Биз азыр бул маселени иликтеп чыгып, 2 документке кыскартып, 50 миӊ сом өлкөмүндө каражат кароо демилгесин көтөргөнбүз. Баардык министрликтер менен мекемелердин макулдугу алынды, эми Өкмөт чечим кабыл алат деп турабыз», – дейт Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: