“Турак жайын камсыздандыра турган жарандарга жардам берүү керек. Ал үчүн адегенде турак жайы жайгашкан жер участкасына «кызыл китеп» алышы керек. Ал эми аны алуу үчүн толгон-токой документтерди топтойт. Ал документтерге бери дегенде 10-15 миӊ сом жумшалат. Мындай абал элеттиктерге оорчулук келтирүүдө”, – деп билдирди бүгүн, 1-февралда депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
«Бизде аргандай табийгый кырсыктар көп болот, өрт чыгат дегендей… Жарандар өз турак жайларын камсыздандырууга аргасыз. Өкмөт аларга жардам бербесе, документтерди топтоп, турак жайга «кызыл китеп» алыш кыйын болуп калды. Ошондуктан, элетте жашаган андай жарандарга кандайдыр бир жеӊилдиктер берилиши керек», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ