Ишемби, 28-декабрь күнү Тоголок Молдо менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан кийим саткан “By Murat” дүкөнү өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишемби күнү кечки саат 20:40 чамасында башталган. Жалындаган өрттүн кесепетинен дүкөндүн ичиндеги кийим-кеченин бары өрттөнүп, бири дагы түгөл калган эмес. Киев көчөсү №114 даректе дүкөндөн чыккан өрт саат 22:53тө толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Кырсык болгон жерге өрт өчүргүчтөр барып, толугу менен өрттү өчүрүшкөн.
Учурда өрт кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ