Menu

Ырчылыктан тамадалыкка өткөн Ирлан Таалайбеков

Бөлүшүү:

Сөзү, обону Жакут Сыдыковго таандык «Окуучу кыз» чыгармасы менен элге таанылган Ирлан Таалайбеков аз убакыт ичинде атагы арткан. Ырчы андан бери маал-маалы менен жаңы чыгармаларды жаздырганы менен окуучу кыздай хитке айланта алган эмес. Ал эми акыркы учурда социалдык түйүндөрдөгү баракчасына Ирлан тамада, музыкант болуп эмгектенип жатканын кабарлап келет.

Анткен менен ырчынын шоу чөйрөгө арнаган он жылга чукул убактысы жана 4 жыл Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына жасаган эмгеги эске алынып үстүбүздөгү жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси ыйгарылган. Мындан улам, тамадалар дагы «маданияттын мыктысы» боло баштады деген нааразылыктар ырчынын дарегине жазылып сынга алынган.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: