Menu

Алматыда Универсиаданын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Бөлүшүү:

Универсиада маалында Алматыдагы коопсуздукту ИИМ, Улуттук гвардия жана Коргоо министрлигинин жети миңден ашык кызматкери камсыз кылат. Спорттук мелдештердин ачылуу жана жабылуу аземи өтчү күндөрү шаардагы базарлар жабык болот. Бул тууралуу Астанадагы өкмөт жыйынында Алматынын акими Бауржан Байбек билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик «техникалык, санитардык жана экологиялык нормаларга жооп бербеген» унаалардын шаарга кирүүсүнө чектөө коюу чараларын караштырып жатат. Ошондой эле Алматыда «социалдык чыңалууларды алдын ала жоюу жана мониторинг жүргүзүү чаралары көрүлүүдө».

Алматыда Кышкы Универсиада 29-январдан 8-февралга чейинки аралыкта өтөт. Мелдештерге катышуу үчүн шаарга спорттун 12 түрү боюнча эки миңге жакын спортчунун барары күтүлүүдө. Байбек спорттук 181 мелдештен сырткары Алматы бийлиги тарабынан дагы ондогон башка кошумча иш-чараларды өткөрүү пландалганын кошумчалады. Бүгүнкү күнгө карата Универсиада мелдештери үчүн даярдалган 200 миң билеттин 39 пайызы сатылып бүттү.

Буга чейин бийлик Алматыдагы мектеп окуучуларын жазгы эс алуунун эсебинен деп кезексиз каникулга тараткан. Аким Байбек аны окуучулар үчүн «кошумча» эс алуу деп атап, Универсиада маалында балдар ата-энелери менен бирге студенттер арасындагы спорттук мелдештерге барып, «башка иш-чараларга» катыша тургандыктарын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: