Menu

Макс Мырза Маданиятка жаңы долбоор менен чыгат

Бөлүшүү:

Эки тизгин бир чылбырды колго алган актер жана ырчы Макс Мырза Маданият каналы менен биргеликте экранга жаңы долбоорду жүзөгө ашырмакчы. Бул теледолбоор жөнүндө сизде кызыгуу жаралса Макс Мырзанын өз оюн сунуш кылалы.

Макс Мырза, актер, ырчы: Азыркы тапта эл арасында тамсил деген искусствонун жанры жөнүндө канчалык кабардар экенин жакшы билбейбиз. Мен дал ушул жанрды жаңыча, заман талабына ылайык жумурай журтка алып чыгайын деп турам. Тамсил айтуу профессионал актерлорго гана тиешелүү теле проект. Негизги максат калк арасында ,,Тамсилчи,, деген түшүнүктү киргизүү жана кеңири жайылтуу. Жыл соңунда мыкты тамсилчи деген наамды аныктоо да жүргүзүлөт.

Андыктан сиз сүйгөн актерлор эми тамсилди кандай айтуу керектигин дал ушул теледолбоордо көрсөтүп беришет. Тамсил жөнүндө дагы маалыматты бөлүшө кетели.

Тамсил — оозеки адабий искусствобуздун ичинде башка жанрлар менен жанаша жашап, тыгыз байланышта болуп, элдин рухий байлыгын канааттандырып келген жанрдын түрү. Башка оозеки жанрларга салыштырмалуу өнүгүүнүн кийинки этаптарында калыптанган менен, мурда эле өзөгү болуп келгени белгилүү. Убагында өзүнчө жанр катарында ажырымдалып келбегенинин өзүнүн жүйөлүү себептери бар.

Курманбек Ниязбеков

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: