Бүгүн, 13-декабрда Түркиянын борбор шаары Анкарадагы Марсандиз станциясында ылдам жүрүүчү поезддин эки вагону рельстен чыгып, авария болду. Кырсыктан эң азы 4 адам каза болгону божомолдонууда. Азырынча так маалыматтар жок. Бирок, “Anadolu” маалымат агенттиги провинциянын губернатору Васипа Шахиндин берген маалыматына таянып 43 адам жабыркагандыгын жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге тез жардамдын кызматкерлери менен куткаруучу топ келип, иштеп жатышат. Алар поезддин ичиндеги жабырлануучуларды чыгарып, темир жолдун ортосуна такалып калгандарды куткарышууда. Кырсыктын биринчи кадрлары социалдык тармактарга жарыяланган.
Ылдам жүрүүчү поезддин багыты Анкара-Конья болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ