Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” КР мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасады.
Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимде КР Куралдуу күчтөрүн, укук коргоо органдарын, атайын кызматтарды жогорку натыйжалуу куралдануу систамасы менен жабдуу жана тараптардын жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компоненттерин түзүү максаты коюлган.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ