Menu

Россия эки жылга эл аралык спорттук мелдештерден четтетилди

Бөлүшүү:

Лозаннадагы спорттук арбитраждык соту орусиялык спортчуларды эл аралык ири мелдештерге мамлекеттик желек астында катышуусун эки жылга токтотту. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКла жазып чыкты.

Мындай чечим Россиянын допингге каршы агенттиги Дүйнөлүк допингге каршы кодексин сактабагандыгына байланыштуу кабыл алынды. Спорттук арбитраждык соту эки жыл аралыгында Россия Федерациясынын спортчулары жана башка команда мүчөлөрү Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга, ошондой эле Россиянын желеги астында өткөн башка дүйнөлүк чемпионатка катыша албайт деп чечти.

Алар эл аралык мелдештерге “бейтарап спортчулар” катары катышуу укугуна ээ экени айтылат. Ошондой эле Россиянын гимни сынактарда аткарылбайт.

Мындан тышкары, Россия эл аралык турнирлерди өткөрө албайт. Спорттук арбитраждык сотунун чечими Дүйнө чемпиондугуна, Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга таасир этет, бирок тыюу Европа деңгээлиндеги мелдештерге тиешеси жок.

Ошондой эле соттун чечиминде орус чиновниктери эл аралык спорттук федерацияларда жетектөөчү кызматтарды ээлей албай тургандыгы жана соттук чыгымдардын ордун толтуруу үчүн Россиядан 1 миллион 270 миң доллар өндүрүлөрү белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: