Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садык Шер-Нияз шайлоо жарышынан өз талапкерлигин алып салып жаткандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактарда видеокайрылуу аркылуу билдирди.
“Ооба бүгүн, эртең менен Садыр Жапаров менен жолугушум болду. Мындайча айтканда саясатчылар менен маданиятчылардын жолугушуусу болду десек болот. Бул жолугушуу Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өттү. Мен өзүмдүн позицияларымды айтып бердим. Билим, маданият, сот боюнча позициям толук колдоого алынды. Жыйынтыгында бул жолугушуу – ийгиликтүү өттү деген чечимге келдим”, – деди Садык Шер-Нияз.
Ошондой эле, ал кол топтоп жатканда көпчүлүк эл Садыр Жапаровду лидер катары тааныйт экенин билдирди.
“Чындыгында, өзүм дагы кол топтоп чогултуп жүргөндө жоон терим менен сездим. Менин штабым дагы тастыктады. Көпчүлүк эл Садыр Жапаровго ооп, лидер катары аны таанышат. Өзүбүздүн бардык позиция болбосо дагы, маданият боюнча 100 пайыз позициябызды алып калганга бардым. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүмдүн талапкерлигимди алып салууну чечтим. Кийин көп нерселерди Садыр Жапаров менен биргелешип иш алып барууга көзүм жетти”, – деди Садык Шер-Нияз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ