Menu

ЖЭБди модернизациялоодо коррупцияга айыпталган Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду. Ага операция жасалат

Бөлүшүү:

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодо коррупцияга айыпталып камалган мурдагы министр, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканага чыгарылды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдына алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Маалыматка караганда, Осмонбек Артыкбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан  Бишкек ортопедия жана травмотология  илим изилдөө борборуна которулду. Ал операцияга даярдалып жатат. Эл өкүлүнөн шишик табылган. Буга чейин Осмонбек Артыкбаев ооруканадан текшерилген.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча төрт кылмыш иши козголгон. Коррупция беренеси боюнча айып энергосектордун мурунку топ менеджерлерине, ошондой эле “Улуттук энергохолдингдин” жана “Электр станциялары” ААКнын мурунку жетекчилери Айбек Калиевге жана Саллайдин Авазовго тагылган.

Ушул эле берене боюнча экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен  Жантөрө Сатыбалдиев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: