Menu

Жазуучу Султан Раевдин дагы бир “купуя сыры” ачылды

Бөлүшүү:

Коомчулук прозаик, драматург катары гана билген Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев жакында эле  “Антистандарт” деген ат менен стандартка сыйбаган ырлардан куралган китебин чыгарып, өзүнүн талантынын элге белгисиз кырын ачыкка чыгарган эле. Заманбап кыргыз адабиятынын классиги С.Раевдин мурда көпчүлүктөн бекем катып келген дагы бир “купуя сыры” кечээ ачыкка чыкты. Ал “сыр” боюнча жазуучу өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасында төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

Султан Раев:

-Кечээ көптөн бери сыр катары купуя катып келген сүрөттөрүмдү белгилүү сүрөтчү агам Жылкычы Жакыпов ФБга жарыялап жибериптир. Мен үчүн да, мени тааныгандар үчүн да күтүүсүз болду окшойт. Сурөттү бала кезден тартчумун. Бирок, көп деле “ачыкка чыгара” элек болчумун. Сүрөт тек гана менин хоббим. Бир жолу псевдоним менен сүрөт көргөзмөсүнө катышкамын. Анда эч ким билген эмес. Бирок, псевдоним менен көргөзмөгө койгон сүрөтүм Сеулдан келген көргөзмө уюштуруучуга жагып калыптыр. Автору ким десе? “Мен” деп “ачыкка чыгууга” туура келди. Жашырганда эмне?.. Бир картинам Францияда жеке коллекцияда, бирөө Москвада. Сеулдан келген эл аралык көргөзмө уюштуруучу 2019-жылы жай айында өтүүчү Сеул эл аралык көргөзмөсүнө бир нече иштерим менен чакырды.Ушунчалык болгондон кийин, ошо көргөзмөгө катыша турган картинанын ичинен бир нечесин жарыялагым келди. Алардын аталышы “Рождения”, “Затмение”…

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2212244935724706&set=pcb.2212242262391640&type=3&theater

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2212244829058050&set=pcb.2212242262391640&type=3&theater

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2212250185724181&set=pcb.2212242262391640&type=3&theater

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2212250232390843&set=pcb.2212242262391640&type=3&theater

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: