Menu

Алманбет Шыкмаматов: “Коррупцияга шектүү катары Албек Ибраимовдун жоопкерчилиги каралышы зарыл. 5 жылдык ижара деген бул афера”

Бөлүшүү:

Парламенттеги үч оппозициялык «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциялары өкмөттүн жылдык отчетун карады. Күн кечке суроо-жооп, талаш-тартыштар менен коштолгон жыйындын аягында Сапар Исаков кызматка келгендеги кетирилген бир нече каталарын эске алуу менен анын отчетун «канааттандырарлык эмес» деп тапты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эки депутат «каршы», калганы «макул» деген добуштарын берди. Эртеси, шаршембиде өкмөттүн отчету жалпы жыйында каралып баштап, бирок, кийинки жумага калтырылды. Оппозициялык фракциялардын биринин лидери, «атамекенчи» Алмамбет Шыкмаматов «бул өкмөт отставкага кетиши керек» дейт.

-Алманбет мырза, парламенттеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн жылдык отчетун карап, «канааттандырарлык эмес» деп тапты. Кандай негиздерге таяндыңар?

– Сапар Исаков баштаган өкмөттүн ишин «канааттандырарлык эмес» деп табууга көптөгөн негиздер бар. «Лигласс», «Хуавей» долбоорлорун баштап, «Мегакомду» сатуу боюнча эл аралык шылуундарды алып келип, аларга Кыргызстандын экономикасына кол салууга шарт түзүп бергендиги кечирилгис. Жарандык коомго, журналистгерге рахмат айтышыбыз керек. «Лиглассты», «Хуавейди» жана Нагорнаянын тарыхын чукуп чыгып, чуу чыкканда гана ал долбоорлор токтоду. Бул бир чоң катасы. Экинчи негизги катасы – парламент менен, эл менен эсептешпей туруп, «Кумтөрдүн» жаңы келишимине кол коюп койду. Бул келишим Кыргызстанга болгон үчүнчү кыянаттык. 2003-2009-жылдары да «Кумтөрдүн» тегерегинде өзүм билемдик орун алган. Ал былтыр дагы кайталанды. Бийлик билгенин кылып, оппозициялык саясатчыларга иш козгоп, камап, баш көтөргөндөрүн сындырып, мыйзамсыз иштерди жасады. «Эми каалаган чечимдерди өткөрөбүз» дешип, эл аралык шылуундарды алып келип, Кыргызстандын экономикасына кол салдырып баштаган. Парламентке бир ооз айтпай, кеңешпей, «экологияга баланча төлөдү», «рекультивацияга түкүнчө төлөп берди» деп кайдагы калптын баарын айтып, элдин башын айлантты. Чын-чынына келгенде Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген келишим болгон
жок. Жөнөкөй айтканда, өкмөт элдин, мамлекеттин тагдырын, келечегин уруп ойногон жок. 20 жыл бою келтирген зыяны үчүн сотко берип, 7 миллиард сом утуп алсак, ошол төлөмдөн каратып туруп баш тартып салды. Мындан артык кыянаттык барбы?!

– Оппозициялык фракциялар отчетту колдошпогону менен, жалпы парламент колдоп бериши мүмкүн болуп жатат го?..

– Башка фракциялар боюнча жооп бере албайм, бирок «Ата Мекен» фракциянын позициясы бекем. Биз бул боюнча акырына дейре турабыз. Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кетиш керек.

Оппозициялык фракциялардын дээрлик баары отчетту колдошкон жок. Эки депутат колдоду. Алардын бири «Ата Мекенден» Сайдулла Нышанов. Мунусун фракциянын чечимине баш ийбегендик, же каршы чыккандык катары түшүнүүгө болобу?

– Бул Нышановдун өзүнүн абийириндеги нерсе. Ар бир депутаттын өз көз карашы, позициясы бар. Анын позициясы үчүн мен жооп бербейм. Ал буга чейин башки прокурорду да колдоп чыккан: Кечээ өкмөттү колдоду. Өзүнүн дарегине айтылган сындарды гана күчөткөнү болбосо, жалгыз анын добушу эч нерсени чечпейт.

– Сиз жыйында мэр Албек Ибраимовдун дарегине дагы ачуу сындарды айттыңыз. «УКМК мэриянын ишин текшериши керек» дедиңиз. «Мэрияда чуулгандуу иштер бар» деп эсептейсизби?

-Резиденциянын тегерегиндеги жерлер Бишкектеги эң кымбат жерлер болуп саналат. Ошол тилкедеги ондогон гектар жерлерди мэрия беш жылдык ижарага итбекер таратып салды. Жылына 300 миң ижара акы төлөп, 9-10 кабат үйлөрдү салып, батирлерди кардарларга сатып ийет дагы, курулуш компания миллиондогон акчаларды капчыгына салып, басып кетет. Накта коррупция ушул жерде болуп жатпайбы! Биз реалдуу коррупция менен күрөшпөйлүбү? Саясый куугунтукту, оппозицияны аңдыганды токтотуп, мамлекетке чоң зыян келтирген, чаламандын чак түшүндө өлкөнү тоноп жаткан аткаминерлерди колго чаппайлыбы?! Баткенге, Ат-Башыга, Ак-Талаага барып кереги жок, Бишкектин чок борборунда миллиондогон долларларга жерлер сатылып жатат. «Ысык-Көл» мейманканасынын маңдайындагы жерлердин баары кол тийбес жерлер. Сатылса да кызылдай акчага сатылыш керек. Аукцион өтүп, акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө эмес, мэриянын бюджетине түшүш керек. Беш жылдык ижара деген классикалык түрдөгү афера. Муну кезинде прокуратура да айткан. Болбой эле мэрия «билгениңерди кылгыла, колуңардан эмне келет?» дегендей мамиле кылып жатат. Парламент качанга чейин ооз ачпай, баш ийкеп, керт башыбызды ойлоп отура беребиз? Ошондуктан, «тергөө органдары, көзүңөрдү ачкыла!»дедим. Президент «коррупция менен аёосуз күрөшөм» деди, ишти баштады. Албек Ибраимовдун жоопкерчилиги каралышы зарыл. Биз, парламент президентке саясый колдоо көргөзөбүз. Элди алдап, жерди сат кандар тазаланышы керек. Антпесе, эч качан өнүкпөйбүз.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: