17-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагындагы социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын мониторингин өткөрүштү.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Ош-Иркештам унаа жолунун 2-чакырымында жайгашкан жеке ишкер Н.Калыбековдун азык-түлүк кампасында жүргүзүлүп жаткан мониторинг учурунда Казакстанда өндүрүлгөн 1-сорттогу унга болгон баа жогору баалангандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ошол жерде каттоонун тиешелүү процедуралары түзүлүп, 21-апрелде КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ