Menu

Оштуктар кайрадан суусуз калышты

Бөлүшүү:

«Ош шаардык суу канал» ишканасы күзгү-кышкы ремонттоо иштерине байланыштуу 23-октябрында түнкү саат 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарына суу берүүнү токтотту.

Ош шаарын ысык суу менен эмес, кези келгенде ушинтип ичүүчү муздак таза суу менен камсыздоо көйгөй болуп келет. Бул маселе дагы улана бергидей болуп турат. Бирок шаарга жаңы шайланган мэр Таалайбек Сарыбашев ушул таза суу көйгөйүн чечүүнүн жолун издеген сыяктана баштады.

Шаарга берилүүчү ичүүчү таза суу Папан суу сактагычынан келет. Бирок жаан жааганда эле сел каналдар аркылуу ылайланган суу түшкөндүктөн, шаардыктар ошодон пайдаланганга аргасыз болушат.

Элди таза суу менен камсыз кылуу максатында буга чейин Ошко жаан жааганда да таза суу берүү боюнча 2 жолу атайын долбоор иштелип чыгып, миллиондогон акча жумшалган. Бирок ал долбоорлор жакшылыктуу жыйынтык берген эмес. Азыр ал иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын адистер билдиришет.

Учурда шаардыктарды жайы-кышы таза суу менен камсыз кылуу боюнча жеке ишкер тарабынан 10 млн долларлык долбоор иштелип чыккан. Бирок бул долбоор да, мурункулары сыяктуу жыйынтык бербей калат деп, шек жаратат дешет.

Калаадагы суу көйгөйүн чечүү үчүн Ош шаарынын “Достук” аймактык кеңешинде Орусиянын грантынын эсебинен 45 млн сомго, сыйымдуулугу 6000 кубметрди түзгөн жаңы суу кампасы курулган. Анын лентасын 2016-жылы 16-мартта ошол учурдагы президент А. Атамбаев, ошол кездеги Оштун мэри А. Кадырбаев жана азыркы шаар башчысы Т. Сарыбашевдер кескен. Ошондо бийликтер эми жамгыр жааса да, Ошто суу таңкыстыгы болбойт деп убада беришкен болчу…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: