Menu

КСДПнын лидерлери «Бир Бол» партиясын колдонушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Парламентте коалиция куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул ишти ылдамдатууга болгон аракеттер көрүлүп жатканын айтуу менен гана чектелип келет. Көпчүлүк коалицияга кимдер кирип, кайсы фракция оппозицияда калары белгисиз. «Кайсы фракциялар тил табышып, альянска биригет?» – деген суроого менен тарых илимдеринин кандидаты жана саясат талдоочу Табылды Акеров жооп берди

— Менимче, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы, «Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Республика-Ата Журт» биригиши мүмкүн. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» конституциялык өзгөрүүлөрдү колдобогондуктан оппозицияда калат. Себеп дегенде Иса Өмүркулов көпчүлүк коалицияны бузганда да ушул эки партияга дооматтары бар экендигин көрсөтүп койду. Ошондуктан азыр ушу төрт партия коалиция түзүүгө аракет кылат. Эгерде КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» менен эле түзүлсө, 68 добуш алат. Мындай учурда папке бөлүштүрүүгө келгенде «Бир Бол» бир нечесин талап кылат. Бул учурда «Бир Болдун» таасири бир топ күчөйт. Мунун президенттик шайлоонун алдында КСДП үчүн кереги жок. Ошондуктан булар «Республика-Ата Журтту» да биригүүгө чакырышат.

Президенттин: «Акаевчылар менен бакиевчилдер «Бир Болго» чогулуп алды», – деп катуу айтканы бар. Андан кийин коалицияны да дал ушул акаев менен акиевчилердин кесепетинен таратып жатабыз деген сөз болгон. Бирок бул саясат, оюн. Алдыда президенттик шайлоолор да келе жатат. КСДПнын ичинен да кимисинин позициясы күчтүүрөк болсо чыгат. Ошол үчүн КСДПнын лидерлери «Бир Болду» өзүнө жакын кармап, президенттик шайлоодо алардын ресурсун колдонгонго аракет кылуусу мүмкүн.

«Ата Мекен» болсо 25 жылдан бери саясий күрөштөрдө такшалды. Ошондуктан менимче, татыктуу оппозиция болот. Себеби бүтжет жана башка маанилүү бардык тармактарды көзөмөлдөөгө күчү жетет. Мындан тышкары, олуттуу коомдук процесстерге өз пикирин ачык билдирип турат. Ошонусу менен парламенттеги оппозиция кандай болушу керегин коомго ачык көрсөтө алат деп ойлойм.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: