Menu

Кочкор районунда мал уурулук менен алектенген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор районунун Төлөк айылынын тургундары арыз менен кайрылышкан. Себеби, 2017-жылдын 31-октябрга караган түнү айылдын малдарын белгисиз адамдар уурдап  кетишкендигин билдиришкен. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма Сөз кызматы билдирет.

Бул фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Кочкор районунун Камсомол айылынын 37 жаштагы Ө.М., 32 жаштагы К.М., Төлөк айылынын 42 жаштагы Ж.М. жана 42 жаштагы К.Д. аттуу тургундары кармалып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүн 2-пункту (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Кочкор РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

эле, Кочкор РИИБне Көк-Жар айылынын 49 жаштагы Б.К аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 2016-жылдын апрель айында айылдын четиндеги талаадан 4 баш бодо малы белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам- иликтөө иштери жүргүзүлүп,  натыйжасында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Э. Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Аталаган факты боюнча Кыргыз Республикасынын 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Кочкор РИИБнин убактылуу кармоочу жайына кармалып, башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенүүдө. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: