Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жумушчулардын айлык акыларын төлөөнү жакынкы күндөрү каржылай баштайт. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин табыштамасына ылайык жүргүзүлөт. Учурда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими даярдалууда. Ага ылайык, жумушчулардын айлык акыларын төлөп берүү улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ