Menu

Өзбекстанда билим берүү жана медицина кызматкерлери темир-тезек тапшыруудан бошотулду

Бөлүшүү:

1-январдан тарта Өзбекстанда билим берүү жана медицина кызматкерлери темир-тезек тапшыруудан бошотулат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 18-декабрда кол койгон токтомдо айтылат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, документ Өзбекстанда ондогон жылдардан бери окуучулар менен башка билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларын темир-тезек тапшырууга милдеттендирип келген бул тажрыйбаны толугу менен жоюуну көздөйт.

Буга чейин Өзбекстанда мугалимдер, окуучулар жана медицина кызматкерлеринен тышкары фермерлер менен бала бакчадагы балдардын ата-энелери дагы ар дайым темир-тезек ташырууга же анын ордуна акча төлөөгө милдеттендирилип келгени бир канча жолу кабарланган.

Декабрдын башында Анжиян мэри шаардагы билим берүү жана медициналык мекемелерди, ошондой эле маале комитеттерин тез арада 600 тонна темир-тезек тапшырууга милдеттендирген. Андан тышкары Ферганада, Ургенчте жана Нукуста дагы мугалимдер, окуучулар жана дарыгерлер темир чогултууга тартылганы маалымдалган.

Жергиликтүү бийликтер темир-тезек чогултуу талабы өкмөттүн атайын жобосунун негизинде киргизилгенин жана анын аткарылышын көзөмөлдөө райондук жана облустук акимчиликтерге жүктөлгөнүн бир канча жолу билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: