Menu

Кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери талкууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” жүзөгө ашыруу жана кыргыз тилиндеги терминологияны унификациялоо максатында уюштурган «Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференциясы өттү. Бул туурасында тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Конференция ачылышы кечээ 20-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Иш-чаранын ачылышына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Т.А.Абдырахманов, Республикалык “Кыргыз тил” коомунун президенти Р.Курбанов, КР Тышкы иштер министрлигинин иш кагаздар жана электрондук документтерди жүргүзүү департаментинин директорунун орун басары М.А.Байсымаков, КР Ички иштер министрлигинин башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Э.Орозакунов, КР Финансы министрлигинин мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Р.О.Бектурова, КР Өкмөтүнө караштуу Интеллек-туалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын мамлекеттик тил боюнча адиси Ө.А.Калыева, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик тил боюнча адиси Э.Н.Абдрасуловалар катышып, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору С.Ж.Мусаев “Кыргыз терминологиясынын бүгүнкү абалы жана термин түзүүнүн принциптери” аталышында баяндама жасады.

Конференцияда төмөнкү багыттарда иш алып барууда.

  • тармактык терминологиянын актуалдуу маселелери;
  • лингвистикалык терминологиянын  актуалдуу маселелери;
  • тил саясатын ишке ашыруудагы лингвистикалык изилдөөлөр”.

«Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция бүгүн 21-апрелде жыйынтыкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: