Menu

Трамп-Клинтон: АКШ тагдыры кимдин колуна өтөт?

Бөлүшүү:

АКШнын кийинки  президенти ким болоору бүткүл дүйнөнүн бүйүрүн кызытып турат. Бүгүн АКШда боло турган шайлоонун жыйынтыгы бир гана Американын эмес, жалпы дүйнөнүн саясатына да чоң роль ойнойт. Бул жолку талапкерлер – Республикалык партиядан Дональд Трамп менен демократтардын атынан Хиллари Клинтон. Эки тарап тең дээрлик күн сайын чыр-чатактуу окуялар менен аты чыгып, АКШ тарыхындагы рейтинги эң начар талапкерлердин катарын толукташты. Сиздерге эки талапкердин өмүр таржымалы, убадалары жана аларга айтылган сын-пикирлер тууралуу маалымат бермекчибиз.

Donald Trump, president and chief executive of Trump Organization Inc. and 2016 Republican presidential candidate, stands for a photograph after a Bloomberg Television interview at his campaign headquarters in Trump Tower in New York, U.S., on Thursday, Oct. 15, 2015. According to Trump, Janet Yellen's decision to delay hiking interest rates is motivated by politics. Photographer: John Taggart/Bloomberg via Getty Images *** Local Capton *** Donald Trump

Дональд Трамп,  Республикалык  партия

Туулган жылы, жери: 1946-жылдын 14-июну, Нью-Йорк

Шайлоо алдындагы урааны: «Американы кайрадан улуу кылалы»

Миллиардер бизнесмен Дональд Трамп өтө бай үй-бүлөдө туулган. Трамп ишкердик карьерасын атасынын үйлөрдү ижарага берчү компаниясында баштаган. Ал эми өзүнүн кыймылсыз мүлк империясын кураардын алдында «атасынан миллион долларга жакын аз акча карызга алгандыгын» айткан. «Форбс» журналынын 2015-жылкы рейтинги боюнча анын байлыгы 4,1 млрд. долларды түзөт. Ошондой эле «Дүйнө сулуусу» сынактарын өткөргөн Miss Universe Organization компаниясы да Трампка таандык.

Дональд Трамп Республикалык партиясынын праймеризинде (бир талапкерди чечүүчү партия ичиндеги шайлоо) башкы атаандашы Техас штанынын сенатору Тед Крузду жеңип алган. Трамп саясий карьерасынын жоктугун ар дайым баса белгилеп өзүн алдамчы саясатчы эмес, чынчыл жана эч кимден коркпогон ишкер экендигин ачык айтышы — ийгиликке жетишине себеп болгон. Бирок анын ойлонбой сүйлөп коюшу жана жосунсуз жоруктары шайлоо кампаниясына бир топ зыянын тийгизип, азыркы учурда АКШдагы эң көп талкууланган адам катары белгилүү.

Трампты эмне үчүн жактырышат?

Көпчүлүгү Трамптын саясаттан узак болуп, көпчүлүк саясатчыларга окшобогондугу, консервативдүүлүгү жана башка саясатчылар айта албаган нерселерди ачык айткандыгы үчүн жактырышат. Ошондой эле АКШнын карапайым калкынын кызыкчылыгын жогору койгондугун баалашат.

Неге сындашат?

Атаандаштарынын айтуусунда, Трамптын өлкө башкаруу жаатында тажрыйбасы жок. Миллиардер буга чейин чоң саясатка аралашпагандыгы үчүн үгүт иштеринде жана президенттик дебаттарда фактыларга таянбастан оюндагысын ачык айтып коёт. Анын ойлонулбай сүйлөгөн көп сөздөрү коомчулукта терс пикирлерди жаратып, республикачыларды бир топ эле кыйнаган. Ал аялдар тууралуу уят сөздөрдү сүйлөп, аларды сыйлабагандыгын ачык айткан. Ошондой эле Трамп расисттик көз караштары менен өлкөнүн улутчулдар арасында абройго ээ. Мексикалык мигранттардын баарын баңгизат сатуучулар жана зордукчулар деп атап, мусулмандарды террорист катары көрөөрүн, алардан сактануу үчүн өлкөгө киргизбөө керектигин да белгилеген.

Шайлоо алдындагы убадалары

Социалдык саясат:   Трамп ата-энелердин балдарын окутуу үчүн акча топтогон банктагы аманат эсептеринин салыктарын азайтууну, орто жана ишкер катмарына салыктарды жеңилдетүүнү, азыркы учурда саатына 7,25 доллар болгон минималдык акыны эң аз 10 долларга чейин көтөрүүнү убада кылган.

Экономика: Экономиканын жыл сайын 3,5 пайызга өсүп тураарын, ошондой эле калк келе жаткан 10 жылдын ичинде 25 миллиондук жумуш орду менен камсыз болоорун айтат.  «Форбс» журналынын маалымдашынча, Трамп жакынкы 10 жыл ичинде салыкты 6,2 триллион долларга чейин азайтууну сунуштоодо.

Иммиграция: Трамптын шайлоо алдындагы эң маанилүү жана коомчулукта болуп көрбөгөндөй талкуу жараткан убадаларынын бири мыйзамсыз иммиграцияны жок кылуу үчүн Мексика чек арасына дубал куруу. Ошондой эле иш орундары мигранттарга эмес, биринчи кезекте жергиликтүү калкка берилиши керектигин, ажо болгон биринчи күнүнөн тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттардын баарын өлкөдөн чыгарарын айткан.

Улуттук коопсуздук: Трамп АКШнын аскердик күчүн көбөйтөрүн, ошондой эле «Ислам мамлекети» террордук уюмун жок кыла турган жакшы планы бар экенин айтып келет. Ошону менен бирге эле ар бир жарандын жеке куралдануу укугун коргорун да билдирген.

Хиллари Клинтон,  Демократтар партиясы

Туулган жылы, жери: 1947-жылдын 26-октябры, Чикаго

Шайлоо алдындагы урааны:  “Хиллари Америка үчүн”

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон бүт өмүрүн коомдук иш-чараларга жана саясатка арнаган. Йель университетинде укук окуп жүргөн убагында балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барып, ошондой эле АКШ ажосу Ричард Никсонго импичмент жарыялоого даярданган юристтердин арасында болгон. 1999-жылы Нью-Йорк штатынан сенатор, 2009-жылдан 2013-жылга чейин Барак Обаманын администрациясында тышкы иштер министрлигин жетектеп турган

Хиллари Клинтон расмий түрдө президенттикке көрсөтүлө элек жатып, Демократтар партиясынан оңой эле талапкер аталаары айтылып жаткан. Бирок праймеризде Клинтонго Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс олуттуу атаандаштык жараткан. Өзүн ачык эле социалист (америка саясатында социалист болуу эң жаман көрүнүш) деп атаган Берни Сандерсти көпчүлүк жаштар колдоп, эки талапкер партия ичиндеги шайлоонун аягына чейин тең келишкендиги менен Клинтон жеңишти берген эмес.

Клинтонду эмне үчүн жактырышат?

Мурдагы АКШнын биринчи айымы Хиллари Клинтон саясатта тажрыйбасы көп, буга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарды жетектеген. Ал АКШ тарыхында президенттикке талапкер болгон алгачкы аял.

Эмне үчүн сындашат?

Хиллари Клинтон азыр сындалып жаткан Жакынкы Чыгышта согуш баштаган АКШнын саясий чөйрөсүнө таандык. Ошондой эле Клинтон мамлекеттик катчы кызматынын башында турган убакта бир топ катачылыктарды кетирген. Мисалы, ал мамлекеттик деңгээлдеги иштерди өзүнүн эч кандай коргоосу жок жеке электрондук адресинде жазган. Клинтондун электрондук адреси хакерлер тарабынан сындырылып, андагы бир топ жашыруун маалыматтарды камтыган каттар жарыяланып кеткен. Талапкердин мындай маанайдагы каттары азыркыга чейин калкка жарыяланууда. Ошондой эле Клинтонду 2012-жылы «Аль-Каиданын» боевиктери Ливиянын Бенгази шаарындагы элчилигине кол салып, элчи Кристофер Стивенсти өлтүргөндүгүнө да айыпташат. Сынчылар Клинтондун электрондук дарегиндеги маалыматтар террористтер тарабынан колдонулгандыгын жана элчиликтин бир нече жолу өлкөдөгү коопсуздуктун начар абалда экендигин билдирген кайрылууларын ал убактагы мамкатчынын этибарга албагандыгын айтышат.

Шайлоо алдындагы убадалары

Сот жана укуктук система: Клинтон полициянын кызматын кыянаттык менен пайдалануусун токтотууну, тергөө жана сот иштериндеги расалык дискриминацияны жоюуну убада кылат. Ошондой эле баңгизат саясатын да өзгөртөөрүн айтат. Мисалы, азыркы учурда АКШнын бир топ штатында марихуана колдонуу толугу менен мыйзамдуу болсо, калган штаттарда бул баңгизатты алып жүргөн жарандар көп жылга абакка кесилишет.

Билим берүү: Клинтон колледждерде бекер билим берүүнү сунуштайт. Азыркы учурда 40 миллиондон ашык америкалык жогорку билими үчүн университеттерге жалпысынан бир жарым триллион доллардай акча карыз.

Саламаттыкты сактоо: Клинтон Трамптан айырмаланып Барак Обама жүргүзгөн саламаттыкты сактоо саясатын өзгөртпөй улантаарын айтат. Obamacare саясаты боюнча кирешеси аз болгон жарандар да медициналык камсыздандырууну колдоно алышат.

Иммиграция: Клинтон президенттигинин биринчи жүз күнүндө иммиграция системасын реформалоону, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын баарына АКШда мыйзамдуу жашоо укугу берилээрин убадалайт.

Ошондой эле Клинтон жарандардын эркин куралдануусуна каршы саясат жүргүзөрүн, ЛГБТ жарандарынын жана аялдардын укугун коргоорун, минималдык акыны саатына 12 долларга жогорулатарын, АКШнын азыркы тышкы саясатын улантарын айтып келет.

Азат Бектурганов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: