Menu

Орок айылындагы жаңжалды чыгаргандар аныкталды

Бөлүшүү:

Кечээ Сокулук районундагы Орок айылында жаштар арасында чыр чыгып, мушташка айланып, ок атышуу болгон. Ал окуя боюнча факты катталып, уруш эмнеден чыкканынын чоо-жайын милиция билдирген. Бүгүн мушташты ким чыгарганы аныкталып, ага кылмыш иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталганы тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, керектүү экспертизалар дайындалып, милиция ок чыгарган кишини кармоо боюнча аракетин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Орок айылында буга чейин да мушташ чыккан. Тагырагы, ушул жылдын 5-июлунда эртең мененки орозо айттан кийин жаш балдар мушташып, жаңжал чыккан. Жаш балдардын мушташы күчөп, жүздөгөн кишилер көчөгө чыккан. Натыйжада, 15 үйдүн терезелери талкаланып, бир саманкана өрттөлгөн. Ал окуяга ИИМ министри Кашкар Жунушалиев баштаган бир нече автобустар менен милициялар барган. Ал жерден 25-30 киши Сокулуктун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Окуя болгон жерде, андагы Чүй облусунун башчысы Туйгунаалы Абдраимов журналист кыздын олуттуу суроосуна орой жооп берип, журналисттердин каарына калып, кызматтан кеткен.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: