Menu

Жарандардан мыйсамсыз сакталган ок атуучу куралдар, октор алынууда

Бөлүшүү:

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын рейддер өткөрүлүп, курал- жарактарды сактоо жана аны мыйзамдуу алып жүрүүнүн жол-жобосун түшүндүрүү, ошондой эле ыкчам аракеттерди көрүү менен мыйсамсыз курал-жарактарды алып жүргөн жарандарга карата иш- чаралар байма- бай жүргүзүлүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушунун негизинде 16-ноябрь күнү Баткен шаарынан милиция кызматкерлери 54 жаштагы М.Т. аттуу жергиликтүү тургундун үйүн текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү 5,6-калибрдеги ок атуучу куралы табылган.

Ушуга эле катар, Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан тиешелүү документтери жок 1960-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын Марказ айылынын 32 жаштагы К.Ч. аттуу тургуну жанына алып жүргөн жеринен алынган.

Ошондой эле, 15-ноябрь күнү Токтогул РИИБнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негизинде Саргата айылынын 49 жаштагы Ш.О. аттуу жашоочусунун үйү текшерилип, натыйжасында “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын 6 даана 5,6-калибрдеги октору табылып алынган.

Алынган курал-жарактарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө –тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: