Menu

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Бир баш кесер президентти баш кылып акча менен баарын айдап алганы – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө чекит койгону болду…”

Бөлүшүү:

– Дастан Исламович, гезитибиздин 2019-жылдын 15-февраль күнү жарык көргөн санында сиз менен болгон маекте 2011-2017-жылдар аралыгында бийлик узурпациялангандын кесепетинен эл казынасына 5-7 млрд доллар түшпөй калганын далилдеп бердиңиз эле. Өткөн жумада “Азаттык” иликтеп, ушул жылдары Кыргызстандан сыртка 700 миллион доллар. (же 50 млрд сом) акча чыгарылып кеткенин билдирди. Аны “бажыгейт” деп да атап жиберишти. Сиз айткан 2011-2017-жылдар аралыгында бажыдагы коррупциядан эл казынасына 300 млрд сом түшпөй калганы далилдене баштады деп айтсак болобу?

– Болбойт. 300 млрд сом эл казынасы жоготконун Евразия экономика комиссиясы далилдеп берген. Кытай мамлекети берген чек арадан Кыргызстанга өткөн товардын көлөмү Кыргызстандын бажысы берген Кытайдан келген товардын көлөмүнөн төрт эсе көп экен. Төрттөн үч бөлүгү каттоодон өтпөй коррупция жолу менен 5-6 кишинин чөнтөгүнө түшүп жатканын “Азаттыктын” иликтөөсү жалпы элге даана, ачык көрсөттү.

– Долларлар 13 мамлекетке которулуп чыгып кеткен экен. Мындан сырткары көк пакеттер менен чыгарылыптыр. Бул эмнеден кабар берет?

– Бажыдагы коррупция абдан терең кетип, 70 пайызы уурдалып, 30 эле пайызы эл казынасына түшүп турганынан кабар берет. Бул коррупциянын башында чоң кызматчылар турганын тастыктайт. Коррупция бүт тармактарды басып алган мамлекет эч качан өнүгүп, өсө албаганынан кабар берет. Эл өз келечегине кайдыгер карап, көзүм көрсө да бөрүлөр өлкөнү уурдап, жей берсе мейли деген уйкудан ойгонгусу келбегенден кабар берет.

2010-жылы Бекназаров Атамбаев менен телефондон сүйлөшкөнү жарыяланып, анда Бекназаров Атамбаевдин бажыга койгон адамдарынын баары ууру экени тууралуу айтканы бар. Ушул коррупция ошондо эле башталганбы деген ой жаралат экен да?

Матраимов түштүктө Атамбаевдин СДПК партиясын колдоп, ага көп жардам бергени жалпы элге бир нече жолу айтылган. 2011-2017-жылдары бажы жетекчилерин Атамбаев өзү коргоп, “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” келгени ачык айтылып, элге белгилүү болду го…

– “Азаттык” иликтеген миллиондогон доллардын башында чоң кызматтагы адамдар турганы баарына белгилүү болууда. Азыр коомчулукта коррупциянын туу чокусу делген Батукаевдин иши дүң болуп жатат. Ушул иштин башында миллиондогон долларды чыгарып кеткен жогорку кызматтагы адамдар турбайбы? Бул иште деле миллиондогон доллар роль ойногону айтылып жатпайбы?

– Ырас. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, депутаттык комиссиянын мүчөсү Б. Калмаматов “Батукаевдин эркиндикке чыгып кетиши 20 млн доллар акча менен ишке ашкан” деп гезитке маалымат берди. Негизи болбосо депутат минтип бышык айтпайт эле. Бул иштин башында президент өзү турган үчүн Батукаев бир күндө абактан чыгып, паспорт алып, салтанаттуу узатылып, өлкөдөн чыгып кетти да… Эң жаман болгону – адамзат тарыхында дүйнө жүзүндө бир дагы өлкөдө мындай иш болбоптур. Демек, дүйнө жүзүндө кыргыздардын мамлекети бул иштен кийин мамлекет эмес турбайбы деген пикир жаралды. Мындай көрүнүштөн кийин Кыргызстан укуктук, демократиялык (эл бийлиги орногон), эгемендүү, өз алдынча мамлекет деп айтканга эч ким ишенбей турган болду… Жогорку Кеңештин депутатын, жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын башчысын өлтүрүүнүн башында турган бир баш кесер өлкө президентин, башпрокурор, вице-премьер, бир нече министрлерди акчанын күчү менен алдына салып айдап алып, эркиндикке чыгып кеткени – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө чекит коюп, “кыргыз эли эл эмес” дегени болду.

– Бирок, депутаттар комиссия түзүп, 28 кызмат адамынын күнөөсү бар деп жыйынтык чыгарбады беле?

– Ал жыйынтык, комиссиянын, анан Жогорку Кеңештин токтому аткарылган жок, кагазда жазылган сыя болуп кала берди да… Бул иштен кийин Атамбаев толук өзүм билемдикке өтүп, Кыргыз мамлекетин менчик фирмасындай дагы 4 жыл каалагандай калчап, талкалап отурбадыбы…

– Дача-СУ иши кайра жанданды. Өлүм алып келген кандуу жүк дагы чыгарылып кеткен миллиондогон долларга байланган чынжыр эмеспи?

– Тергөө калыс, мыйзамдын чегинде жүрсө, жүктүн ээси ошол жылы эле ачыкка чыкмак. Кандай гана болбосун, учактагы жүк бажы тармагы жана анын жетекчилери менен байланышкан, анткени учактагы жүк Кыргызстанга бажы аркылуу гана кире алмак.

– Экс-президент жаңы кабыл алынган мыйзамды негиз кылып, партия төрагалыгын өткөрүп берип, мүчөлүктөн четтеди. Бул ал кишинин кылмыш иш ачылып калуусунан коркуп, өзүн мыйзам менен коргоп жаткан абалыбы?

– Атамбаев 6 жыл СДПК партиясынын атынан мамлекетибизди талкалап, булгап, тебелеп келди. Бүгүн СДПК акмак, арам иштери үчүн жоопкерчиликке тартылдыбы? Жок. СДПК бүгүн бөлүнүп, чачырап, жокко эсе болду. Аты, акчасы бар, бирок заты, уяты, абийири, намысы, жоопкерчилиги жок партияларга өлкөнү, эл тагдырын тапшырып, 6 жылда алар бийликтин ашмалтайын чыгарганын эми 10 жылда да оңдоп, түзөтүү болбой калды окшойт…

– 2011-2017-жылдар аралыгында чыгарылган миллиондогон доллар, Батукаевдин өлкөдөн чыгышы, Дача-СУ камалса, ага болуша турган күч, негиз табылабы?

– Электр баасын 70 тыйындан 2 сом 30 тыйын кылып 3 эсе көбөйттү, “Кыргызгаздын” 4 млрд сом акчасын шайлоого жумшап, аны банкрот кылып, чет өлкөгө бир долларга сатты, 4 млрд доллар алтыны бар “Жерүй” кенин 100 млн долларга келишим түзбөй карматып жиберди, тоо-кен тармагын мамлекеттин көзөмөлүнөн толук чыгарып, коррупцияга баардык тармактарды кекиртегине чейин батырды, Нарын эли малсыңар, Талас эли эл эмес деди, акылга сыйбаган иштерин тизмектесек 6 барак кагаз бетине батпайт. Ушул иштердин бетин ачып, 2014-2015-жылдары аларды ачык айткандарды – 25 күнөөсү жок адамды жалган иштерди токуп, чөнтөк соттордун адилетсиз, мыйзамсыз чечимдери менен 140 жылга түрмөгө кести, алардын 81нин тууган, балдарын жумуштан айдап, банкрот кылды финполициянын колу менен Атамбаевге болушса эл байлыгын аны менен кошо уурдап, эл тагдырын аны менен бирге талкалаган эл душмандары гана болушат десе болот…

– Атамбаев өлкөнү дээрлик 7 жыл башкарып кеткенине 2 жылга жакындап калды. Ал кишинин башкаруу учуру кыргыз тарыхында кандай баа менен калат?

– Кыргыз элине, Кыргыз мамлекетине Атамбаев кылган кыянат иштеринин көбү дагы ачыкка чыга элек. Бүгүн элге ал иштердин 10-15 пайызы араң белгилүү болду… 2010-жылга чейин Кыргыз мамлекети өксүп, кемисе дагы таза, кооз жайлоону элестеткен. Атамбаевдин башкаруусунан кийин жайлоо ыплас, булганыч, адам чыдагыс сасык жыттанып калды…

– Кыргызстанда бир дагы президент өз ишине жооп берген жок. Атамбаевди жоопко тартканга бүгүн мыйзам жол берет. Ал жоопко тартылышы керекпи?

– “Түштүк Кореянын 3 президенти өлүм жазасына тартылганы үчүн Кыргызстандын жарым аянтындай жерде 45 млн эл жашап, Россиянын ички дүң продукциясынан ашык ички дүң продукция жаратып олтурат. Атамбаев мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылбаса, мамлекетибиз өспөйт, өнүкпөйт, элдин тутмушу оңолбойт.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: