Menu

Кыргыз Өкмөтү: “Өзбекстан макулдашылбаган тилкеге траншея казып, тикендүү зымды тартты”

Бөлүшүү:

Өзбек тарап 18-мартта Чаласарт тилкесине 2 блокпост коюп, 40 адамды тургузду, азыр ал жакта 4 адам калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттөгү маалымат жыйында өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди.
Анын айтымында, өзбек тарап тикендүү зым сыяктуу инженердик курулмаларды коюп, 4 метр тереңдикте траншея казып, Кыргызстан менен макулдашылбаган жерлерге тирөөчтөрдү орнотту.
«Финансылык каражаттар бөлүндү, азыр Өзбекстан менен такталган тилкелерге Кыргызстандын инженердик курулмаларын орнотуу боюнча жумуштар аткарылып жатат», – деди Искандаров.
Ал белгилегендей, делимитация архивдик документтерге негизделет. «Азырынча биз жалпы 1378 чакырым өтүүчү чек аранын 74%ын такташканбыз. Бул туруктуу цифра эмес, делимитациянын жыйынтыгында өзгөрүлөт, учурда макулдашылбаган 324 тилке жана такталбаган 58 тилке бар», – деп кошумчалады ал.
Булак: barakelde.turmush.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: