Menu

Генералдык штабка кулак кагыш

Бөлүшүү:

Илгери Коргоо министри деп аталып турганда аскердик тартип күчтүү эле. Генералдык штаб деп ага бардык күч органдарын байлап койгондон бери аскердик жаатта абал жакшы эмес болуп, анчейин көңүл бөлүнбөй келет. Айтайын дегенибиз Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында жайгашкан Аба аскердик бөлүгүндө бир топ мыйзамсыз иштер орун алып келет экен. Ал жердин командири өз ишин мыкты билбегендиктен, анын орунбасары бий болуп алыптыр. Бул жерге тез арада текшерүү иштерин баштабаса абал анчейин эмес дешет. Орунбасардын ою жаман деп бекеринен айтылбаса керек, командирди баш көтөртпөй жатканына караганда бир билгени бар го. Негизи мына ушундай майда аскердик бөлүктөргө кайдыгер карай берип, бир топ эле терс жагдайларга кабылып калышат. Аскердик бөлүктө интрига деген болбошу керек да, алар мекен сакчылары, мамлекеттин коопсуздугу аскерлердин колунда. Бир кичинекей бөлүктө интрига жасап жатышкандар, эртең душманга кантип төшүн тосот? Албетте чыккынчы болот да. Жалпы аскерлердин наамына шек келтирген жетекчилердин ордун алмаштырасыңарбы же иштен биротоло аласыңарбы айтор биз Генералдык штабга кулак кагыш кылдык. Жыйынтыгын күтөбүз.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: