Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында дааватка уруксат берилген документтери жок чыккан жети жаран кармалды. Бул туурасында Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Ак-Талаа райондук сотунун 6-январга карата чыгарган чечимине ылайык, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин 371-беренесине жараша дааватчылар 3 суткага камалышты. Алардан адабияттар алынып, теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Материалдарда экстремисттик мүнөздөгү маалымат бар болушу мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ