Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде Ош шаардык казыятынын демилгеси менен 400 муктаж жана майып үй-бүлөлөргө жардам баштыгы таратылды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кайрымдуулук иш чарасына шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казыят кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Иш чара алкагында шаар казысы кайрымдуулук эбегейсиз соопту иштерден экендигин айтып, колунда бар инсандарды берешен болууга үндөдү. Ошондой эле бул саамалыкта демөөрчү болуп, сооп издеген инсандарга шаар казысы өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, жалпы мусулмандардын атынан ыракматын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ