Menu

Видео – Москва: полициячынын өлүмүнө шектелип кармалган жаран күнөөсүз экенин айтууда

Бөлүшүү:

Орусиянын борбору Москва шаарындагы метродо полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары кармалган теги кыргызстандык жаран өзүнүн күнөөсүз экенин айтууда.

Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары шектүүнүн полицияга берген сурагы тартылган видеону жарыялашты. Анда ал полиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси жоктугун айткан.

Окуя “Курская” метросунда 3-сентябрга караган түнү болгон. Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, башына жеген октон каза болгон 23 жаштагы укук коргоо органынын өкүлүн метродо пол жууган аял дааратканадан таап алган.

Кийинчерээк видео көзөмөлдөгү маалыматтар аркылуу Орусия жарандыгын алган теги кыргызстандык жаран камакка алынган. Видеодо бул адам шашып чыгып, пол жуугучка өзү чыккан жакты жаңсап көрсөтүп, андан кийин поездге түшүп кеткени тартылган.

Орусиялык маалымат каражаттары шектүүнү полиция кызматкери документ текшерүү үчүн кармаганын кабарлап, ал дааратканага барып келүүнү суранып, ал жакта аны атып салган деген божомолдорду жазып чыгышты.

Шектүү адам “полиция кызматкеринин табелдик куралын тартып алып өлтүргөн” деген маалымат ырасталган жок.

Полицияга сурагында ал колунда курал болбогонун, ичкериден ок атылганын угуп, коркуп кетип сыртка чуркап чыгып, кетип калганын билдирген.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин 317-беренеси (“Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: