Menu

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарлз Гарретт дауна синдрому менен төрөлгөн кызы Флоренстин ийгиликтери тууралу айтып берди

Бөлүшүү:

3-декабрда майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Ага байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарлз Гарретт өзүнүн жеке окуясын айтып берди. Бул туурасында ал Твиттер баракчасына жазган.

3-декабрь майыптардын эл аралык күнү. Жүздөгөн эл аралык күндөрдүн ичинен жеке мен үчүн бул эң маанилүү күндөрдүн бири. Мен өзүмдүн жеке окуямды бөлүшкүм келет. Менин 5 балам бар. Алардын ичинен кызым Флоренс дауна синдрому менен төрөлгөн.

Өзгөчө муктаждыгы бар адам үчүн жашоонун бардык тармактарында, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, жумушта, транспортто жана башкаларда колдоо ийгиликтин ачкычы экендигин билем. Флоренс адам укугу өтө бааланган өлкөлөрдүн биринде туулуп, чоңойгону бактыга жараша болду.

Ата-эне катары биз аны эч качан аяган эмеспиз жана жашырган жокпуз. Кантип кымбат жана сүйүктүү адамды коомчулуктан жашырабыз? Чынын айтсам, Флоренсти багуу оңой болгон жок.

Көңүл ачуу үчүн ага ылайык иш-чараларды табуу жана ага түрткү берүү үчүн өзүбүздөн күч-кубат табуу оңой болгон жок, кээде ал андай иш-чараларга катышуудан баш тартты, анткени кызым бизге жардам берүүнү, өзүнө-өзү жардам берүүнү дайыма эле каалай берчү эмес, бирок бүгүн биз бардык аракеттерибиздин жакшы натыйжасын көрүп жатабыз.

Менин Флоренсам ушунчалык кемчиликсиз, таланттуу кыз болуп чоңойду. Улуу Британиянын курама командасында сууда сүзгөн, окуган, жашоосун сүйгөн кыз. Колдоо болбосо, ал мунун баарына жетишмек эмес. Бул апасы Вероника менен биздин ата-энелик колдоо гана эмес, ошондой эле коомдун да колдоосу болду.

Флоренсти колдоо анын өнүгүшү үчүн гана эмес, ошондой эле анын айлана-чөйрөсү жана бүтүндөй коом үчүн пайдалуу болду деп терең ишенебиз. Диалогго анын бардык өкүлдөрү киргенде гана коом күчтүү болот. Ар кандай коом өзгөчө муктаждыгы бар адамдарды кандайча колдой тургандыгы менен мүнөздөлөт”, – деп жазды Чарлз Терренсович Гарретт.

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: