Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган маселе боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов баяндама жасады.
Мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, оорунун терминалдык стадиясындагы бейтаптарды КР Өкмөтү аныктаган тартипте наркотикалык жана ооруну басаңдатуучу препараттар менен акысыз камсыздоо ишке ашат. Ошондой эле зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар үчүн медициналык реаблитациялык иш- чараларды саламаттык сактоо уюмдары менен катар эле кайрымдуулук мекемелери да (хоспистер) жүргүзө алат деп көрсөтүлүүдө.
Мындан сырткары, “Амбулатордук онкологиялык жардам саламаттык сактоонун адистештирилген жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ), үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) жана жалпы дарыгерлер практикалык борборунун (ЖДПБ) врач – онкологу тарабынан көрсөтүлөөрү белгиленген. Зилдеме жаңы шишиктер менен жабыр тарткан адамдар үчүн, медициналык реабилитациялык иш-чаралар оорунун акыркы стадиясындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык-социалдык мекемелер тарабынан жүргүзүлөөрү каралган.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ