Кара-Суу районунун Папан айыл округунун Ак-Буура участогунун жашоочусун сабаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунан билдиришти.
Коменданттын билдиришинче, 4-апрелде саат 15:30 чамасында жергиликтүү тургундар уюштурган карантин постунда турган 1994-жылы туулган М.А. менен 25-30 жаштагы “Honda Civic” автоунаасынын айдоочусу экөөнүнүн ортосунда чыр чыккан. Айдоочу Төлөйкөн айыл округунун Учар айылына барууга аракет кылган. Чыр-чатактын натыйжасында, М.А. денесинен жаракат алып, кийин шаардык ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча, материалдар Кылмыштардын жана укук бузуучулардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү (“бейбаштык”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ал эми, айдоочунун өздүгү аныкталып ал 1990-жылы туулган К.К. экени белгилүү болгон.
Ал эми жаракаттын оордугун аныктоо максатында М.А. соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ