Menu

Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин директору Трукмен уулу Тилек мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

2020-жылдын  8-июлунда М.И. Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин директору Трукмен уулу Тилек 55 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Трукмен уулу Тилек 1965-жылы  4-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында жөнөкөй кыргыздын бир үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Мектепти ийгиликтүү аяктап, 1982-жылдын 1989-жылга чейин Фрунзедеги политехникалык институтунун энергетика адистигине окууга тапшырып, аны үлгүлүү бүтүрүп, “инженер-электромеханик” кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун 1989-1990-жылдарда Жайыл районунун “Новая путь” колхозунда жөнөкөй энергетик катары иштен баштаган.

1990-жылдын  И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Энергетика” факультетине ишке чакырылып, анда 2004-жылгы чейин жөнөкөй окутуучудан баштап, ага окутуучу, декандын орун басары, аталган университеттин Кара-Балта жалпы техникалык факультетинин директору кызматтарын аркалап келген.

1991-жылы Москва энергетикалык институтунун аспиранты, ал эми, 1997-2001-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин аспиранты болгон. Ал, 15 илимий макаланын жана 2 изилдөөчүлүк патентин автору. Анын жасаган “Резистивдүү жылыткыч” жана “Суюктукту индуктивдүү жылыткыч” аттуу  эмгектери учурда тамак-аш жана өнөр жай ишканаларында  колдонсо боло тургандыгын баса белгилеп кетебиз.

Трукмен уулу Тилек 2004-жылдан ушул күнгө чейин М.И. Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин жетектеп келди. Бул колледжде кылган эмгеги өзүнчө узун сабак кылса болот. Ал, колледждин жана кесиптик орто билим берүү тармагынын калыптанышына өзүнүң салымын кошкон. Айрыкча, колледжди акыркы заманбап техникалар жана технологиялар  менен, ошондой эле, колледждин имараттын оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүдө зор салып кошконун мактануу менен айтып кетүүгө болот.

Трукмен уулу Тилек билим берүүгө, илимге сиңирген эмгеги бааланып, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Кесиптик кошундар союзунун, Жайыл райондук мамлекеттик администарциясынын, окуу жайлардын грамоталарыжана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Кара-Балта шаардык кеңешинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болуп, аталган Кеңештин Билим берүү, жаштар, маданият жана спорт комиссиясынын төр агасы болуп дагы иш алып барган.

Трукмен уулу Тилектин жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, кесиптештерине, досторуна министрликтин жамаатынын жана кесиптик билим берүү тармагындагы кесиптештеринин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

К. Исаков, Ж. Ташиев,  Н. Жусупбекова, Н. Омуров, Т. Абылкасымов, А. Алымкулов, Ж. Эрмеков, А. Караев, С. Молодосанов, М. Дүйшөбаев, У. Курманов, А. Кулунтаев, Ч. Усубалиева,  Т. Мураталиев, А. Тохлуков, Р. Дайыров жана башкалар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: