Menu

Тажикстан: камактагы бизнесменди бошотуу боюнча БУУдан өтүнүч түшкөн жок

Бөлүшүү:

Белгилүү тажик ишкери жана саясатчы Зайд Саидов эки учурда гана эркиндикке чыга алат – мунапыс боюнча же мамлекет башчысы ырайым берген кезде. Бул тууралуу Тажикстан юстиция министри Рустами Шохмурод билдирди.

Күн мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Тажикстан өкмөтүн катаал режимдеги колонияда 29 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ишкер жана оппозиционерди бошотууга үндөгөн. Уюм тажик өкмөтү 180 күндүн ичинде өкүмдү жокко чыгарып, Зайд Саидовго кенемте төлөп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Тажикстан Юстиция министрлиги БУУнун Адам укуктары комитетинен бул боюнча өтүнүч түшпөгөнүн айтууда.

Зайд Саидовдун уулу Хайрулло Саидов атасынын ишин үч жыл иликтеп, ал мыйзамсыз соттолгон деген бүтүмгө келгенин билдирүүдө. Анын айтымында, тажик бийлиги Саясий жана жарандык укуктар жөнүндө эл аралык пактын нормаларын бузган. “Биз жаза мөөнөтүн кыскартууну эмес, өкүмдү жокко чыгарып, атамды бошотууну талап кылабыз”, – деди ал.

2013-жылы декабрда сот оппозициялык саясатчы жана ишкер Заид Саидовду каржылык “көз боёмочулук кылган, көп аял алган жана бойго жете элек кыздар менен сексуалдык катнашка барган” деген айып менен 26 жылга түрмөгө кескен. Бул арада Москвадагы “БиоПапа” лабораториясы зордукталды делген аялдан төрөлгөн баланын атасы Зайд Саидов экенин тастыктаган эмес.

​Кийинчерээк мурдагы өнөр жай министринин жаза мөөнөтү дагы үч жылга узартылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: