Menu

Сейиткан Алиев, «Айкөл строй» подрядчы фирманын директору: “Иш чуулгандуу болуш үчүн, “94 миллион чыгым болду”,- деп атайын бааны көтөрүп коюшкан”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Мурунку соттук отурумда прокурор Кубанычбек Кулматовду 15 жылга, Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Бүгүнкү сотко «Калыс-Ордо» конушунда мектеп курган «Айкөл строй» подрядчы фирманын директору Сейиткан Алиев келип, сүйлөдү. Анда ал иш чуулгандуу болуш үчүн, “94 миллион чыгым болду”,- деп атайын бааны көтөрүп коюшканын айтты. Ошондой эле ал: “Бизге каршы көрсөтмө бергендер, өз абийирине каршы көрсөтмө бергендер. Себеби, биринчи текшерүүдө Эсеп палатасынын аудитору эч кандай чыгым таппаган эмес. Далилдебеген материалдар сотко келбеши керек эле. Эмнеге ушундай болуп жатат?“,-деди С.Алиев.

Эске сала кетсек, Кубанымбек Кулматов «Бишкектеги “Калыс-Ордо” конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: