Бүгүн, 20-мартта Өкмөттүн Телеграм каналында таажывирусту жуктуруп алган Ноокаттын тургундардын жаш курагы айтылды.
“Ош облусунун Ноокат районунда таажывируска чалдыккан 3 аял – 67, 71 жана 77 жашта. Алар изоляцияга алынып, тиешелүү дарылануу алып жатат” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6. Сузак районунан – 3, Ноокат районунан – 3 адам. Обсервацияда – 410.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ