Menu

Бүгүнтөн баштап Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга баруусуна тыюу салынат. Бул тууралуу чечим кечээ, 3-майда облустуктук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынган.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, тургундар райондук мамлекеттик администрация, Каракол жана Балыкчы шаардык мэрия тарабынан берилген уруксат кагазынын негизинде гана башка жакка чыга алышат.

Кайра облустун аймагына кирген учурда экспресс тесттин же ПЧР анализинин натыйжалары жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет, ошондой эле 14 күндүк үй карантинине алынат.

Аймактык ыкчам штаб бул норманы түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаалдар режиминин эрежелерин сактоону суранат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: