Menu

«Нур» партиясына жан киргизип, таскагын катуулаткан Турдубек Молдобеков

Бөлүшүү:

Атамбаевдин арашандык экс-кеңешчиси Турдубек Молдобековго таандык «Нур» партиясы соңку убакта таскагы катуулап, күч алып баратканын билесиңер да. Акүй, өзгөчө президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов менен «көз ымдашып» алганы сөз болуп жаткан бул саясый топтун таскагы күн сайын катуулоодо. Ушул күндөрү партиянын борбордук штабы жанданып, өздүк сайты, ага удаа уюштуруу иштери чечилгени, жаз алды менен съезд өткөрүү пландалып жатканын «ички ашканасына» кирип чыккандар айтып келишти. 12-декабрь Айтматовдун мааракесине карата «Нур» партиясынын өкүлдөрү Россияга барьппып, эскерүү иш-чарасына катышканы, Москвадагы үлкөн окуу жай менен дистанциялык багытта кыргыз студенттерин окутууга сүйлөшүп келишкени эмнени билдирет? Кызыгы, дал ушул партия өкүлдөрү кубаттуу Россиянын айрым фонддору менен аскердик, техникалык жагынан жардам алууга жогорку маанайда сүйлөшүүгө жетишкени каңкууланууда. Бул жагы кызык бекен? Баарынан да 25-декабрь күнү Түркиянын «АК» партиясынын өкүлдөрү менен Бишкектен жолугушканы бүйүр кызытууда. Баса, Турдубек Молдобеков партияга мурда-кийинки жыдыган аттуу-баштууларды кошпостон, алдыдагы парламенттик шайлоого жалаң жаштардан куралган команданы таптап жатышканын жанындагыларга саймедирептир. Бирок, мындайларың алдыртан ушинтип айтышканы менен шайлоо жакындаганда капчыгы калың көпөстөр миллиондордун четин чыгарышса, жолдон чыга калышчу эле. Турдубек мырза деле пендечилик жүрүштөн аттап кете албаса керек. Неси болсо да биз бул саясый топтун мындан аркысына кызыгып турмакчыбыз.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: