Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Экмат Байбакбаев синай визасынын мисалында «ысык-көлдүк» визасын киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, визаны киргизүү туризмди өнүктүрүүгө жардам берет.
«Министр Азамат Жаманкулов бул жакшы демилге экенин белгилеп, бул маселени изилдерин айтты. Эгерде турист синай визасын алса, ал Шарм-Аль-Шейхте 15 күнгө чейин жүрө алат. Мунун мисалында биз да туризмди өнүктүрүү үчүн «ысык-көлдүк» визасын киргизүүбүз керек»,- деди эл өкүлү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ