Menu

“Ата Мекен” фракциясынан президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Ш.Жээнбековго

 

Кыргыз Республикасынын

Башкы прокурору

Ө.А.Жамшитовго

19-ноябрь, 2018-жыл

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкен күндөн тарта «мамлекеттүүлүктү бекемдөө, өлкөнү, парламенттик демократияны өнүктүрүү, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоо» тууралуу сөздөрүӊүздү, расмий кайрылууларыӊызды элибиз Сиздин башкы максатыӊыз катары шыктануу менен кабылдашты. Бул ар бир жарандын жан дилинде биздин өлкө демократиялык өнүгүү жолуна кайрадан түшүп, Алмазбек Атамбаев башкарган акыркы жылдарда өкүм сүргөн мыйзамсыздык, саясий репрессиялар токтойт деген ишенимди, үмүт шооласын тутанткан эле. Бүтүндөй коомчулук Атамбаев журналисттерди, укук коргоочуларды, саясий оппонеттерин деструктивдүү саясаты, каршы көз карашы үчүн куугунтуктап жатканын түшүнүп турушту. Болгону бирин-экин саясатчы гана мамлекеттүүлүккө, парламенттик демократияга коркунуч туулуп жатканын жарыялап, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоп, парламенттик трибунадан сөз эркиндигине болгон өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланышты. Бирок алардын баары А.Атамбаевдин куугунтуктоосуна дуушар болушту.

Мындай билдирүүлөрдү «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин жана анын айланасындагылардын жасаган кылмыштуу иштерин бийик трибунадан ачык жана тайманбастык менен элге жарыялады. Ушундай кайраттуулугунун баасы анын эркиндигине тете болду. Бирок азыркы чындык анын туура экендигин толугу менен бекемдейт. Атамбаевдин айланасындагылардын көбү бүгүн камакта, кылмыштардын саны болсо улам өсүп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын тарыхында коомдук резонанс жараткан, Жогорку Кенештин фракциясынын лидери Ө.Текебаевге карата жасалмалангандай одоно, абийирсиздик менен жасалмаланган кылмыш иши болгон эмес. Бирок, «жабырланган» мурунку бийлик кыргыз жеринен бир шүмшүк таба албай, эл аралык денгээлдеги шылуун Леонид Маевскийдин кызматына баш урушкан жана бул ошол схеманы ойлоп тапкандардын өзгөчө намыс-ариетсиз экениндигин айгинелейт. Анткени алар бүткүл кыргыз элин шалдыӊдашты, абийирин тепселешти.

Текебаев менен Чотоновдун актыгына ишенип, далилдеп берүүгө алардын сотуна күбө катары көрсөтмө бергени келгендер карапайым атуулдар гана эмес өлкөбүзгө аттын кашкасындай таанымал коомдук, саясий ишмерлер, атап айтканда экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу Өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү, экс-Өкмөт башчылары, Жогорку Кенештин азыркы жана мурунку депутаттары, экс-вице-спикерлер, интеллигенция өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, маданий ишмерлер жана башка көптөгөн жарандар келип көрсөтмө берипкен эле.

Сотто аларга коюлган айып бир гана адамдын – Леонид Маевскийдин, болгондо дагы өзүнүн өлкөсүндө бир канча жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана ошол учурда Россияда ашынган аферист катары таанылган алдамчы, шылуундун ойлоп тапкан көрсөтмөсү менен гана чектелген. Ал эми аттуу-баштуу кыргыз жарандарынын күбө катары берген көрсөтмөлөрү соттор тарабынан четке кагылып, чет элдик жалганчы Л.Маевскийдин далил-фактысыз, одоно жана чылгый жалаасы далил катары кабыл алынып калган.

Андан да кызыгы, аталган шектүү адамды бир заматта “баатырга” айлантышып, Улуттук Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү шөкөттөп тосуп алып, эскорт менен камсыздап, пресс-конференциясынын чыгымдарын төлөп, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп, үйүнө узатып турушту. Акыйкаттык үчүн бир аз болсо изденип койбой, камалган саясатчылардын күнөөсүн далилдей алгыдай, анча-мынча чындыкка коошо турган факты таап, кичине болсо дагы далил келтиргендин ордуна тергөөчү, прокурор, соттор ачыктан-ачык мыйзамды өздөрү каалагандай тесеп, зордук-зомбулук менен өкүм чыгарып коюшкан.

Акыйкаттыкты талап кылган митинг-пикеттерибиз Баш мыйзам боюнча адилеттүүлүктү жана жарандардын укугун коргой турган бийлик өкүлдөрүнүн көӊүл сыртында калды. Мындан тышкры, Хьюмен Райтс Вотч, Хельсинки тобу, Евразия жана башка демократиялык демилгелер тобу баш болгон эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнө жана билдирүүлөрүнө эч кандай маани берилген жок. Биздин билдирүүлөрүбүз, кайрылууларыбыз, арыздарыбыз Россиянын жараны Маевскийдин көрсөтмөлөрү карандай жалган экенин далилдеген бардык үч инстанциядагы дээрлик элүүдөн ашык күбөлөрүнүн даана, так, далилдүү көрсөтмөлөрү менен бекемделген эле. Ал эми  жактоочулар тарабынан Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун кылдай күнөөсү жок экенин тастыктган алтымыштан ашык документтерди, сүрөттөрдү, видео-көргөзмөлөрдү көрсөттү, бирок алардын бири дагы иликтенмек турсун эске алынган эмес.

Коюлган айыптар бири-бирине карама-каршы келип турганы оркоюп көрүнүп турса дагы соттор укмаксан, көрмөксөн болуп отуруп беришти. Соттук отурумдардын бардыгы процесстик, эмгек жана моралдык-этикалык мыйзам бузуулар менен коштолду. Мындай одоно, мыйзамсыз чечимдердин өтө тездик менен кабыл алынышы Атамбаевдин ажолук мөөөтү бүткөнгө чейин, алдыдагы президенттик шайлоого катыштырбай эптеп эле Текебаев менен Чотоновду эртерээк эркинен ажыратып, түрмөгө камаганга жетишип калыш үчүн керек болгон.

Соттор ишти шашылыш түрдө жан далбастап карап чыгып, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чечим чыгарып беришти. Ал эми бүтүндөй кыргыз коомчулугу үчүн ал соттун чечими мыйзамсыз болгон жана мыйзамсыз бойдон калат. Мыйзамсыз, анткени ал эң негизги «фигура» болуп эсептелген Маевский көрсөтмө берип жатып, өзүнө өзү каршы сүйлөп, улам өзүнүн калптарына өзү чалынды.

Биздин партиялаштарыбыздын үстүнөн уюштурулган соттук фарс -Л.Маевскийдин жалаага, рейдерликке, опузалоого толгон өмүр баянынын кичинекей гана үзүндүсү. Бирок, эртеби-кечпи тарых баарын өз ордуна коет. Ушул жылдын 16-ноябрында Леонид Маевский Москва шаарында 37,5 $ млн. АКШ долларын опузалап талап кылган деген айып менен камакка алынды. Билдирүүлөргө караганда, 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Маевский белгисиз адамдар менен алдын-ала макулдашып алып, жабырлануучудан 37,5 $ млн. АКШ долларын талап кылып, эгер ал баш тартса анын абийирине шек келтире турган маалымат таратарын айтып коркуткан.

Жогоруда айтылгандардан дапдаана көрүнүп тургандай, анын бул кылыгынын «почерки» да, схемасы да Өмүрбек Текебаевге каршы колдонгон «өнөрүнө» коендой окшош. Маевскийдин Москва шаарында айыпталышы жана камакка алынышы анын жалган «көрсөтмөлөрдөн» акча табуунун ыкмасын адатка айлантып алганынын дагы бир далили болуп эсептелет («Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» – кыргыз эл макалы). Демек, Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун иши боюнча айыптоо өкүмү үчүн анын көрсөтмөлөрү негиз болуп бере албайт.

Маевскийдин камакка алынышы – кыргыз сотторуна чыккан оор өкүм, алардын сот катары жөндөмсүздүгү, өз алдынча боло албастыгы, бийликтин калыс жана адилет бутагы боло албай калгандыгынын көз көрүнөө далили. Кыргыз соттору УКМК жана прокуратура менен бирдикте мамлекеттүүлүгүбүздүн ыдырашына жол ачып, коомчулукту бири-бирине карама-каршы коюп, чыр-чатактын өзөгүн түптөп, саясий оппоненттерди жок кылуунун куралы болуп алышты.

Коопсуздук кызматтын экс-жетекчиси Абдиль  Сегизбаев,  экс-Башкы прокурор Индира Жолдубаева, прокурорлор Н.Исраилов жана Байзаков, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу, шаардык сот коллегиясынын судьясы Адис Момуналиев жана Жогорку соттук коллегиясынын судьясы Кеңешбек Токтомамбетовдун жетекчилиги астында экс-президент А. Атамбаевдин көрсөтмөсү менен, бир чет өлкөнүн Леонид Маевский аттуу кылмышка шектүү жараны менен ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, караөзгөйлүк менен кылмыштуу жолго барышкан. Анын кесепетинен учурда дээрлик эки жылдан бери өлкөнүн бараандуу жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери, эгемен кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, калыптанышына зор салым кошкон инсандар эч бир күнөөсү жок абакта отурушат.

Леонид Маевский менен Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары Москва шаарында жолукканы, кийин ушундай эле жолугушуу Бишкек шаарында УКМКнын жана мурунку президенттин аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда өткөнү соттор тарабынан атайылап эске алынган жок. Ал кызмат аксына нечелеген миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражаты Маевскийге эки транш менен төлөнгөнү ар кайсы булактардан айтылып жатты. Л.Маевский өзү да Алмазбек Атамбаевдин шериктеши менен, «Кыргызавтомаштын» ири акционерлеринин бири Анатолий Черных менен тааныш экенин жана аны менен Россияда бир нече жолу жолукканын айткан. А.Черных жана Атамбаевдин жакын адамдары менен Маевскийдин жардамчысы Алексей Модин да жолуккан жана ал тергөө экспериментинде Кыргызстанга келгенинде кирген А.Атамбаевдин кабинетин ишенимдүү көрсөтүп берген.

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Биздин бийликке мамлекеттин укуктук мамлекет болушуна, прокурорлор менен судьялар мыйзамсыздыкты эмес, мыйзамды аткарышы үчүн дагы көп эмгек, мээнет талап кылынат. Бул көйгөй азыр эле чыга калган жок. Эки революция кыргыз жеринде саясий бийликти өзгөрттү, тилекке каршы, сот бийлигин өзгөртө алган жок. Ирип-чириген сот жана укук коргоо системасын реформалоо зарылдыгы бүгүн курч бойдон калып жатканы улуу трибуналардан айтылып эле келе жатат. Анда эмне үчүн мыйзамсыз өкүм-чечимдер чыгып жатканын айтып күйүп-бышып жатабыз?! Калайык-калк Атамбаевдин бийлигинин саясий туткуну эмне себептен жаӊы президенттин тушунда түрмөдө отурганын түшүнө албай турат. Тарыхтын ачуу чындыгын эске салсак, карапайым эл ар дайым мыйзамсыз иштер үчүн саясий буйрукту аткарган прокурорлорду, тергөөчүлөрдү, сотторду эмес, көмүскөдө креслодо отурган бийлик ээлерин айыптайт эмеспи. Эл жоопкерчиликти саясий бийликке артат.

Биз Сизди сот иштерине аралашууга чакырбайбыз. Бирок, Текебаевдин жасалмаланган иши боюнча жападан-жалгыз арыздануучу, жападан-жалгыз күбө, жалганчы Л.Маевскийдин сот тарабынан камалышы жаӊы ачылган жагдайларга негиз болуп, ал кайрадан каралууга тийиш. Анын арызы жана көрсөтмөсү башка жагдайлар менен чогуу сот тарабынан кайрадан каралып бааланышы керек. Ишти кайра кароого кылмыш-процесстик мыйзамдар боюнча толук негиз бар.

«Ата Мекен» партиясынын саясий кеңеши

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: