Өзүн “кыргыздын деми” деп атаган ырчы Гүлзат Мамытбектин апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурады.
Анын айтымы боюна, Гүлзаттын атасы Алымкулов Мамытбек кызына 5 миң долларга жер тилкесин сатып берген. Ушул күнгө чейин ал жерге Гүлзаттын мурдагы күйөөсү ээлик кылып келет.
“Кызым балдары менен 2015-жылдан бери күйөөсүнүн токмогуна чыдай албай, көчөдө квартиралап жүрөт. Ал кызымды көк ала кылып сабачу эле, ошондон улам кызым ал үйдөн кетүүгө мажбур болду. Ал тапанча менен коркутуп, Гүлзатты 3 баласы менен түн ичинде үйдөн чыгарып койгон. Эми болсо, балдарымды алам деп, Гүлзаттын үстүнөн жаман иштерди уюштуруп, кызымды кордоп бүттү. Эми неберелеримдин боздоп жатканына чыдай албайм. Алар “барбайбыз”, “биз андай киши менен жашабайбыз” деп ыйлап жатышат.
Сооронбай Шарипович, калыстыгыңыз артык кишисиз, эл башкарып жатасыз. Ушул ишке көз салып коюңузду суранабыз. Биз чоң сыноодо турабыз.
Сооронбай Шарипович, көңүл буруп коюшуңузду мен сизден тизе бүгүп, эне катары суранам” – деп ыйлады Гүлзат Мамытбектин апасы.
Белгилей кетсек, Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип, издөө жарыяланган. Ал англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыгып, тиркемени ишке киргизүүдө ага каржы жагынан инвесторлор карызга жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго карызды убагында төлөй албай калган. Гүлзат Мамытбектин айтымында, ал инвесорлорду мурдагы күйөөсү таап, ырчынын үстүнөн карызын төлөбөй жатат деп арыз жаздырган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ